Гутерреш : "Орозо кармоо мага исламдын чыныгы жүзүн көрсөттү"

Гутерреш жыл сайын салттуу түрдө рамазан айында бир мусулман өлкөгө жасаган сапарынын алдында  "UN Newsка" маек берди.

1971134
Гутерреш : "Орозо кармоо мага исламдын чыныгы жүзүн көрсөттү"

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш тилектештик көрсөтүү үчүн качкындар лагерине барып жүргөн мезгилдерде  орозо кармаганын айтып : "Орозо мага исламдын чыныгы жүзүн көрсөттү",- деди.

Гутерреш жыл сайын салттуу түрдө рамазан айында бир мусулман өлкөгө жасаган сапарынын алдында  "UN Newsка" маек берди. 

Бул жылкы сапарында Сомалиге барарын айткан Гуттереш өлкөнүн көптөгөн жылдардан бери болуп келе жаткан туруксуздук менен бирге кургакчылык жана селдер менен күрөшүп жаткандыгын эске салды. 

Гутерреш Рамазан айында мусулман өлкөлөргө жасаган сапарларынын бул өлкөлөрдөгү мусулман комдорунун кыйынчылыктарына көңүлдөрдү бурууну максат кылгандыгын айтты.

Мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык күндөрү чогуу белгиленип жаткан бул күндөрдө "баарынын тынчтык үчүн биримдикте болушу" керектигин баса белгилеген Гутерреш жалпы дүйнөдө "тынчтыктын олуттуу өлчөмдө жетишиз экендигин" белгиледи.

Гутерреш БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) болуп турганда качкындарды кабыл алган өлкөлөрдүн көбүн мусулман коомчулугу түзгөнүн белгилеп : "Качкындарды коргоо үчүн чыгарылган 1951 Качкындар конвенциясы ыйык китеп Куранда камтылган руханий баалуулуктарга толугу менен дал келет",- деди.  

Бул кызматы учурунда барган качкындар лагерлеринде тилектештикти көрсөтүү үчүн орозо кармагандыгын айткан Гутерреш : "Ороз кармоо мага исламдын чыныгы жүзүн көрсөттү",- деди. 

Гутерреш качкындарды кабы алган коомдордо байкаган "тынчтык, тилектештик жана жомарттык" менен качкындардын тайманбастыгынын бүгүн да иштеринде таасирдүү болгондугун айтты. 

 



Тектеш кабарлар