Путинден АКШга «түстүү ыңкылаптарды» колдоо сыны айтылды

Путин Орусияда кызматына киришкен АКШ жана Европа Биримдиги (ЕБ) элчилери да болгон кээ бир элчилерди ишеним грамоталарын алуу үчүн борбор шаар Москвадагы Кремль сарайында кабыл алды.

1970581
Путинден АКШга «түстүү ыңкылаптарды» колдоо сыны айтылды

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын  «түстүү ыңкылаптарды» колдошунун Украина кризисине алып келгенин жана эки тараптуу мамилелерди үзгүлтүккө учуратканын билдирди.

Путин Орусияда кызматына киришкен АКШ жана Европа Биримдиги (ЕБ) элчилери да болгон кээ бир элчилерди ишеним грамоталарын алуу үчүн борбор шаар Москвадагы Кремль сарайында кабыл алды.

Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Путин дүйнөдөгү абалдын жөнөкөй эмес экенине көңүл буруп: «Кээде чечилгистей көрүнгөн жана көп учурда мамлекеттердин жемиштүү карым-катнашына тоскоол болгон көптөгөн карама-каршылыктар топтолду»,-деп айтты.

Орусиянын өлкөлөр менен конструктивдүү кызматташууга ачык экенин билдирген Владимир Путин, эч кимден обочолонууну каалабагандарын, өнөктөш өлкөлөр менен теңдик жана өз ара кызыкчылык принциптеринин негизинде карым-катнаш түзүүнү каалашкандарын айтты.

АКШ менен карым-катнаштарга баа берген Путин: «Тилекке каршы, дүйнөлүк коопсуздук жана стабилдүүлүк түздөн-түз көз каранды болгон Орусия-АКШ мамилелери терең кризисти баштан кечирүүдө. Мунун себеби, азыркы дүйнөлүк тартипти калыптандырууга болгон мамиле түп-тамырынан бери айырмаланышында жатат. АКШнын тышкы саясатында түстүү революцияларды колдоо куралдарын колдонуу. Бул контекстте, 2014-жылы Киевдеги ынкылапты колдоо акыр аягында азыркы украин кризисине алып келди жана орус-америкалык мамилелердин начарлашына терс таасирин тийгизди»,-деди.

Өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен карым-катнаштарынын акыркы жылдарда чоң деңгээлде начарлаганына көңүл бурган Путин:«Европа Биримдиги Европа континентинде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ордуна Орусия менен геосаясий кагылышуу баштаганын»,-баса белгиледи.



Тектеш кабарлар