Орусияда Украинага таандык учак кыйрады

Чек ара коопсуздук күчтөрүнүн учкучту кармап, камакка алганы кабарланды.

1970690
Орусияда Украинага таандык учак кыйрады

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) өлкөнүн Брянск облусунда Украинанын жеңил моторлуу учагы кулап, учкучтун кармалганын билдирди.

ФСБнын орус маалымат агенттиги РИА Новостиге берген маалыматында, Украинага таандык жеңил моторлуу учактын Орусия-Украина чек арасындагы Брянск аймагына кулаганы белгиленди.

Кырсыктан кийин учкучтун Украинага качууга аракет кылганы айтылган билдирүүдө, чек ара коопсуздук күчтөрүнүн учкучту кармап, камакка алганы кабарланды.

Билдирүүдө окуя боюнча иликтөө иштеринин башталганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар