Францияда метродогу абанын булганышы боюнча тергөө иши баштатылды

Францияда Париж аймагындагы метродо абанын булганышына байланыштуу тергөө иши баштатылды.

1970719
Францияда метродогу абанын булганышы боюнча тергөө иши баштатылды

Францияда Париж аймагындагы метродо абанын булганышына байланыштуу тергөө иши баштатылды.

Францияда абанын сапатынын жакшыртылышы жана абанын булгануусунан жабыркагандарды жактоо максатындагы «Респир» коомунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө  Париж аймагындагы метродо абанын сапатына каршы жылдардан бери эскертүүлөрдүн жасалганы эске салынды.

Борбор шаар жана  айланасындагы коомдук транспорттордон жооптуу мекеме болгон RATPтын бул абалды бигендиги жана абанын булганышына байланыштуу   өлчөөлөрдү жасаганы жана RATPтын жүргүнчүлөргө  дуушар боло турган коркунучтар тууралуу эскертүүдөн атайылап качканы айтылды.

Билдирүүдө Париж прокуратурасынын эки жыл мурда комдун RATP тууралуу   «квалификациялуу алдамчылык» жана «атайылап жаралоо» беренелери менен берген кылмыш арызы боюнча март айынын аягында тергөө иштерин баштагандыгы белгиленди.

«Респир» коомунун да  бул чечимди кубаттаганы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар