Конго Демократиялык Республикасында 1 миллион адам жер которду

Чек тааныбаган дарыгерлер уюмунун (MSF) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Конго Демократиялык Республикасынын армиясы менен козголоңчулардын ортосундагы кагылышуулардын аймактагы гуманитардык кризисти тереңдеткенине көңүл бурулду.

1970395
Конго Демократиялык Республикасында 1 миллион адам жер которду

Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Түндүк Киву аймагында өткөн жылы  армия менен козголоңчулардын ортосунда болгон кагылышуулардан улам 1 миллионго жакын адам жер которгон.

Чек тааныбаган дарыгерлер уюмунун (MSF) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Конго Демократиялык Республикасынын армиясы менен козголоңчулардын ортосундагы кагылышуулардын аймактагы гуманитардык кризисти тереңдеткенине көңүл бурулду.

Аймакта узак убакыттан бери уланып жаткан кагылышуулардан улам өткөн жылы 1 миллионго жакын кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгону белгиленген билдирүүдө аймактагы гуманитардык жардамдын жетишсиз экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө холера жана ич келте сыяктуу оорулардын да кеңири жайылганына көңүл бурулуп :  «Түндүк Кивудагы кризис чоңдугу жана оордугу жагынан абдан оор абалга келди, бирок гуманитардык жардамдар абдан жай жүрүүдө»,-деп айтылды.

Билдирүүдө аймакта чатырларга, тамак-ашка, ичүүчү сууга жана медициналык каражатка чукул муктаждыктын бар экендиги айтылды.

Руанда, Уганда жана Бурунди менен чек арада жайгашкан Конго Демократиялык Республикасынын чыгышы 20 жылдан бери алтын жана кобальт сыяктуу кендерди көзөмөлдөөгө аракет кылган куралдуу топтордун кол салууларына жана кагылышууларына дуушар болууда.  Куралдуу топтордун кол салууларынан миңдеген жаран  каза болду.

Козголоңчуларга каршы күрөштү колдоо үчүн Конго Демократиялык Республикасынын, Бурундинин, Уганда жана Түштүк Судандын армиялары 2021-жылдын ноябрынан бери аймакта биргелешкен операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар