Япония НАТОго дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууну каалайт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Япониянын НАТОго дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу чечимин чыгарганын жарыялады.

1970170
Япония НАТОго дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууну каалайт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Япониянын НАТОго дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу чечимин чыгарганын жарыялады.

Столтенберг менен Япониянын тышкы иштер министри Хаяши Йошимаса Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынынын биринчи күндөгү сессияларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Япониянын Россиянын Украинада баштаган согушун айыптаганын жана НАТОнун Украинага жардам пакетине каржылык колдоосун кубаттаганын белгилеген Столтенберг : "Биз азыр Индо-Тынч океан, Япония, Түштүк Корея, Жаңы Зеландия жана Австралиядагы өнөктөштөрүбүз менен кызматташуубузду ылдамдатып жатабыз"- деди.

Столтенберг Япониянын НАТОго атайын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу чечимин да кубаттады.

Япон министри Хаяши статус-квону күч менен өзгөртүүдөн тышкары, ал тургай өзөктүк куралды колдонуу жана ал боюнча дискурстардын да кабыл алынгыс экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар