Францияда Асаддын үч генералы соттолот

Францияда 2013 -  жылы Сирияда камакка алынган эки француз жаранынын өлүмүнөн жооптуу Башар Асад режиминин үч генералынын соттолушуна чечим чыгарылды.

1970269
Францияда Асаддын үч генералы соттолот

Францияда 2013 -  жылы Сирияда камакка алынган эки француз жаранынын өлүмүнөн жооптуу Башар Асад режиминин үч генералынын соттолушуна чечим чыгарылды.

Асад режиминин Улуттук Коопсуздук Кеңешинин төрагсы Али Мемлук, генерал-майор Жемил Хасан жана бригада генералы Абдулселам Махмудго карата «адамзатка каршы кылмыштар, кыйноо жана мажбурлап кармоо» деген айыптар менен башталган соттук тергөө аяктады.

Париж сотунун тергөө судьялары Асаддын генералдарына 2013-жылы Франциянын Сирия жараны Маззан Даббаг жана уулу Патрик Даббагдын камакка алынгандан кийин  өлтүрүлүшүндөгү катыштыгы үчүн Париж Жогорку Сотунда «адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштарында шериктештик» беренелери боюнча айыпталышы мүмкүн деген чечимге келди.

Эл аралык камакка алуу чеими чыгарылган генералдар сырттан соттолот.

Дамасктагы француз мектебинде иштеген Маззан Даббах жана анын Дамаск университетинде окуган уулу Патрик Даббаг 2013-жылы ноябрда Сириянын Аскердик аба күчтөрүнүн чалгындоо кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Ошол эле учурда камакка алынган, бирок эки күндөн кийин бошотулган Маззандын жубайынын эжеси Обедия Даббаг Дабаггдардын Дамасктагы Аль-Меззе түрмөсүнө которулганын айткан.

Үй-бүлөнүн арызы менен 2015-жылы ачылган алдын ала тергөө 2016-жылы кеңири масштабдуу тергөөгө айланып, Сирия режими Патриктин 2014-жылдын январында, атасынын 2017-жылдын ноябрь айында каза болгонун жарыялаган.

Франция 2018-жылы генералдар тууралуу эл аралык  камакка алууга чечимин чыгарган.

 



Тектеш кабарлар