Байден Макрон жана Чарльз менен сүйлөштү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

1970079
Байден Макрон жана Чарльз менен сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден Кытайга бара турган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Билдирүүдө: «Лидерлер президент Макрондун Кытай Эл Республикасына боло турган сапарын талкуулашты. Ошондой эле Орусиянын уланып жаткан агрессиясына каршы Украинаны чечкиндүү түрдө колдой тургандыктарын дагы бир жолу баса белгилешти»,-деп айтылды.

Ак үй Байдендин Британиянын падышасы Чарльз III менен да сүйлөшкөнүн билдирди.

Сүйлөшүүдө Байден эки өлкөнүн жана алардын элдеринин ортосундагы бекем карым-катнаштарга басым жасап, король Чарльзды жакындаган таажы таагуу аземи менен куттуктады.

Жубайы Жилл Байдендин АКШнын атынан аземге катышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген Байден, падыша менен кийинчерээк Британияда жолугушууну каалаганын айтты.



Тектеш кабарлар