АКШдагы поезд кырсыгын иликтеген топ ооруп калды
Тергөөчүлөрдүн симптомдору: тамак оору, баш оору, жөтөл жана жүрөк айлануу.
АКШнын Огайо штатындагы поезд кырсыгында жайылган химиялык заттарды иликтеген изилдөө тобу ооруп калды.
15 адамдан турган команданын жетөө 6-мартта баштаган изилдөө учурунда ооруп калган.
Тергөөчүлөрдүн симптомдору: тамак оору, баш оору, жөтөл жана жүрөк айлануу.
Бул белгилер кырсыктан кийин абага, сууга жана топуракка кооптуу химиялык заттардын аралашмасы тарагандан кийин ошол аймакта жашаган тургундарда байкалгандай эле.
Симптомдор топтун мүчөлөрүндө бир эле учурда пайда боло баштаганы жана бардык бейтаптардын 24 сааттын ичинде айыгып кеткени айтылды.
3-февралда Палестинанын чыгышындагы шаарчага жакын темир жолдо болгон кырсыкта химиялык заттарды ташыган 150 вагондук поезддин 50 вагону рельстен чыгып кеткенден кийин жарылуулар болгон.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.