АКШ Украинага жаңы аскердик жардам берет
АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Коргоо министрлиги жаңы аскердик жардамга байланыштуу билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттары Украинага 2,6 миллиард долларлык жаңы аскердик жардам берет.
АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Коргоо министрлиги жаңы аскердик жардамга байланыштуу билдирүү жасады.
Мамлекеттик департаменттен берилген маалыматта Украинага коопсуздук демилгесинин (USAI) алкагында 2 миллиард 100 миллион доллар, президенттин Америка армиясынын инвентарынан курал жана жабдууларды алуу жоопкерчилигинин негизинде да Украинага 500 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтүлө тургандыгы белгиленди.
АКШнын Коргоо министрлиги басма сөзгө жардам тууралуу кенен маалымат берди. Бул жардам пакети менен Украина - Россия согушунун 2022 - жылы 24 - февралда башталышынан бери АКШ Украинага 35, 1 миллилар долларлык жардам берген болот.
Тектеш кабарлар
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.