Польша МИГ - 29 реаткивдеринин бир бөлүгүн Украинага тапшырды

Пшыдач Польшанын RMF FM радиосуна берген билдирүүсүндө биринчи МиГ-29 учактарынын Украинага жеткирилгени тууралуу маалымат берди.

1969277
Польша МИГ  - 29 реаткивдеринин бир бөлүгүн Украинага тапшырды

Польшанын президенти Анджей Дуданын тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Марчин Пшыдач Украинага жөнөтүлө турган советтик өндүрүштөн чыккан МИГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учактардын бир бөлүгүнүн жеткирилгенин билдирди.

Пшыдач Польшанын RMF FM радиосуна берген билдирүүсүндө биринчи МИГ-29 учактарынын Украинага жеткирилгени тууралуу маалымат берди.

Украинага жөнөтүлө турган советтик өндүрүштөн чыккан МИГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учактардын канчасы жеткирилгени тууралуу маалыматты так бербеген Пшидач : «Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 5-апрелде Польшага жасай турган иш сапарынын алкагында Украинага мындан ары көрсөтүлө турган жардамдар талкууланат",- деди.

Польшанын президенти Анджей Дуда 16-мартта жасаган билдирүүсүндө Украинага “жакынкы күндөрдө” советтик 4 МИГ-29 аскердик учагын жөнөтүүнү пландап жаткандарын айткан.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки да 14-мартта советтик өндүрүштөн  чыгарылган МИГ - 29 аскердик учактарын  “4-6 жуманын ичинде” Украинага жеткиришерин билдирген.  

Украин лидерлери НАТОнун башка мүчөлөрүн да Киевге учак жөнөтүүгө чакырышууда.

Россия менен болгон согушунун экинчи жылында Украина абадан коргонуусун бекемдөө үчүн Батыш өлкөлөрүнөн согуштук учактарды сурап жатат.



Тектеш кабарлар