Иранда 20 окуучу ууланды

Чыгыш Азербайжандын чукул абал борборунун башчысы Асгар Жафери бул тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

1969743
Иранда 20 окуучу ууланды

Ирандын түндүк-батышында жайгашкан Тебриз шаарындагы кыздар мектебинде 20 окуучунун ууланганы кабарланды.

Ирандык окуучулар маалымат агенттигинин (ISNA) билдиргенине караганда, Чыгыш Азербайжандын чукул абал борборунун башчысы Асгар Жафери бул тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

Жафери: «Тебриздин Багмишех районундагы мектепте окуган 15 жаштагы 20 окуучу дем алуусу начарлагандыктан Сина ооруканасына жеткирилди»,- деди.

Ирандык өкүл, окуучулардын жалпы абалынын жакшы экенин билдирди.

2022-жылдын 30-ноябрынан бери Иранда негизинен кыз окуучулары билим алган мектептерде массалык уулануу фактылары катталууда.

Окуучуларда дем алуу кыйынчылыгы, жүрөк айлануу, баш оору, буту-колу тырышуу сыяктуу белгилер байкалат. Буга чейин 238 мектепте 5 миңден ашуун окуучу ууланган.

Ирандын Ички иштер министрлиги 11-марттагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Тегеран, Кум, Зинкан, Хузестан, Хамадан, Фарс, Гилан, Батыш Азербайжан, Чыгыш Азербайжан (Тебриз) жана Разави Хорасан провинцияларындагы мектептерде массалык уулануу фактыларына байланышы бар деген шек менен 100дөн ашуун адамдын кармалганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар