Беларуста армиянын согушка даярдыгы текшерилүүдө

Министрликтин билдирүүсүндө, текшерүү иштеринин комплекстүү мүнөзгө ээ экени айтылды.

1969221
Беларуста армиянын согушка даярдыгы текшерилүүдө

Беларустун Коргоо министрлиги армияда күжүрмөн даярдыктын текшерилгенин билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, текшерүү иштеринин комплекстүү мүнөзгө ээ экени айтылды.

Текшерүүнүн, аскердик даярдыгы эң жогорку деңгээлге жеткенде командирлердин аскер бөлүктөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого карата иш-аракеттеринин камтылганы белгиленип, аскердик бөлүктөрдүн өз милдеттерин убагында аткарууга даярдыгы текшерилгени маалымдалды.

Билдирүүдө текшерүү учурунда аскердик техниканын кыймылынын, жалпы пайдалануудагы жолдордо жана жерлерде жарандык унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экени кабарланды.



Тектеш кабарлар