АКШдагы куюндан 18 адам каза тапты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) орто батыш жана түштүк штаттарына таасир эткен куюн ушул убакка чейин 18 адамдын өмүрүн алды.

1968482
АКШдагы куюндан 18 адам каза тапты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) орто батыш жана түштүк штаттарына таасир эткен куюн ушул убакка чейин 18 адамдын өмүрүн алып, көптөгөн адамдар жаракат алды.

Улуттук аба ырайы кызматы өткөн түнү Арканзас, Миссисипи, Айова, Теннесси, Иллинойс жана Висконсин сыяктуу 8 штатты камтыган кеңири аймакта акыркы 24 саатта 57ден ашык куюн катталганын билдирди.

Куюндун себебинен Теннессиде 7, Арканзаста 5, Индианада 3, Иллинойс, Миссисипи жана Алабамада бирден адам каза болуп, жалпы 18 адам каза болгону кабарланды.

Арканзас штатынын губернатору Сара Хакаби Сандерс катуу бороон боюнча эскертүүлөрдөн улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Бир тараптан Иллинойс штатында бороондон улам 260ка жакын киши болгон жабык концерттик залдын чатырынын кулашынын натыйжасында бир киши каза болуп, ондогон киши жаракат алды.

Өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүндө, 28 адам ооруканага жеткирилип, 5 адам оор жаракат алган.



Тектеш кабарлар