Зеленский Си Цзинпинди Украинага чакырды
Владимир Зеленский Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди Украинага келүүгө чакырып : "Сини бул жерден көрүүгө даярбыз",- деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди Украинага келүүгө чакырып : "Сини бул жерден көрүүгө даярбыз",- деди.
Зеленский Американын Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигине маек курду.
Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди Укранага чакырган Зеленский 2022 - жылы 24 - февралда Россия - Украина согушу башталгандан мурда аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн айтты.
Украинадагы согшутун саясий жактан чечилишине байланыштуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган 12 пункттан турган документке токтолгон Зеленский : "Сини бул жерден көрүүгө даярбыз. Аны менен сүйлөшүүнү каалаймын. Согуштан мурда аны менен сүйлөшкөм бирок бир жылдан ашуун убакыттан бери байланышка өткөн жокпуз",- деди.
Украина президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украина менен Кытайдын лидерлеринин ортосунда сүйлөшүү өткөрүү аракеттеринин жүргүзүлүп жаткандыгын айткан бирок азырынча акыркы жыйынтыкка жетиле электигин белгилеген.
Цзинпин 20 - 22 - мартта Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга барган жана Путинди Кытайга чакырган.