Шотландиянын жаңы премьер - министри үй - бүлөсү менен намаз окуп жаткан сүрөтүн бөлүштү

Юсуф  Твиттер баракчасынан : «Мен үй-бүлөм менен бүгүн (28-март) парламенттик добуш берүүдөн кийин Буте Хауста биринчи түнүбүздү өткөрөбүз»,- деп билдирди.

1966837
Шотландиянын жаңы премьер  - министри үй  - бүлөсү менен намаз окуп жаткан сүрөтүн бөлүштү

Шотландияда кечээ өткөрүлгөн шайлоо менен аймактык өкмөттүн жаңы премьер-министри болуп шайланган Хамза Юсуф премьер-министрликтин расмий резиденциясы Буте Хауста биринчи күнүндө үй-бүлөсү менен намаз окуп жаткан сүрөтүн бөлүштү.

Юсуф  Твиттер баракчасынан : «Мен үй-бүлөм менен бүгүн (28-март) парламенттик добуш берүүдөн кийин Буте Хауста биринчи түнүбүздү өткөрөбүз»,- деп билдирди.

Юсуф дагы бир билдирүүсүндө Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен жолукканын жана : «Шотландия элинин жана парламентинин демократиялык каалоолору Улуу Британия өкмөтү тарабынан сый көрсөтүлүшү керектигин ачык айттым»,-деп жазды.

Шотландия парламентинде 28 -  мартта болгон сессияда премьер  - министр болуп шайланган Юсуф өлкөнүн биринчи мусулман премьер  - министри болуп, өлкөнүн эң жаш депутаты жана биринчи мусулман министри наамдарынын да ээси.

Февраль айында премьер  - министри Никола Стержеондун кызматтан кетиши менен бошогон Шотландия Улуттук партиясынын лидерлиги үчүн берилген добуштардын 52 пайызына туура келген 26 миң 32 добуш менен шайланган 37 жаштагы Пакистан тектүү Юсуф жыйынтыктардын билдирилишинн кийин берген билдирүүсүндө Шотландияга көз карандысыздыкты алып келүүдө «чечкиндүү» экендигин белгилеп : «Биз буга шарт түзө турган муун болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар