Шотландиянын жаңы премьер - министри ант берип ишин расмий түрдө баштады

37 жаштагы пакистандык мусулман Хамза Юсуфтун бүгүн жаңы министрлер кабинетин жарыялай тургандыгы күтүлүүдө.

1966929
Шотландиянын жаңы премьер  - министри  ант берип ишин расмий түрдө баштады

Шотландиянын жаңы аймактык премьер - министри Хамза Юсуф ант берди.

Юсуф Шотландиянын борбор шаары Эдинбургдагы Шотландиянын Жогорку сотунда өткөн салтанатта Башкы соттун жана жогорку даражалуу соттордун катышуусунда кызматына жана королго болгон берилгендик антын берип расмий түрдө Шотландиянын аймактык премьер  - министри болду. 

37 жаштагы пакистандык мусулман Хамза Юсуфтун бүгүн жаңы министрлер кабинетин жарыялай тургандыгы күтүлүүдө.

Юсуфтун Шотландиянын аймактык  премьер-министри жана Шотландия Улуттук партиясынын (SNP) лидери Никола Стержеон премьер-министрликтен да, партиянын лидерлигинен да кеткенден кийин башталган лидерлик жарышында 27 – мартта утуп чыгышы менен  кечээ Шотландия парламентинде добуш берилди.

Шотландия Улуттук партиясынын жаңы лидери болуп шайланган Хамза Юсуф парламенттеги добуш берүүдөн кийин Шотландиянын алгачкы мусулман премьер  - министри болду.

Атасы Пакистан тектүү болгон жана 1960 -  жылдарда Шотландияга барган Хамза Юсуфтун энеси болсо Кенияда түштүк азиялык бир үй  - бүлөнүн баласы катары дүйнөгө келген.



Тектеш кабарлар