Нетаньяху Байденге жооп берди

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин тышкы кысымдарга карап чечим чыгарбаган эгемен өлкө экендигин айтты.

1966818
Нетаньяху Байденге жооп берди

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөсүндөгү талаштуу сот тартибин сынга алган Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге жооп кылып, Израилдин тышкы кысымдарга карап чечим чыгарбаган эгемен өлкө экендигин айтты.

Нетаньяху Израилде массалык нааразылыктарды жана иш таштоолорго себеп болгон сот тартибине байланыштуу Байдендин " тынчсыздануулар болуп  жана Израиль бул жолду уланта албайт" деген сөздөрүнө каршы чыкты.

Твиттер эсебинен бир катар маалыматтарды берген Израилдин премьер  - министри Байденди 40 жылдан ашуун убакыттан бери тааныгандыгын, анын Израилге болгон берилгендигине баа бергендигин айтып, өлкөсүнүн эгемен өлкө экендигин эске салды. 

Нетаньяху Израил менен АКШнын ортосундагы бузулбас биримдиктин  эки өлкөнүн ортосунда мезгил-мезгили менен пайда болгон пикир келишпестиктерди ар дайым жеңгенин баса белгиледи.

АКШнын президенти Байден Израилде массалык нааразылык акцияларын жана иш таштоолорду пайда кылган талаштуу сот тартибине карата  тынчсыздануусун билдирген.

Байден Израилдин кыйын процесстен өткөндүгүн жана бул маселени чечүүлөрү керекиги туралуу пикрин бөлүшүп, Нетаньяхунун сөз болгон сот тартибинен баш тартаарынан үмүт кылганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар