Босния согушунда дайынсыз жоголгон 6 адамдын сөөгү аныкталды

1995 -  жылы 14 -  декабрга чейин созулган Босния согушунда 100 миңден азуун адам каза болуп, 2 миллионго жакын адам жер которууга мажбур болгон.

1966607
Босния согушунда дайынсыз жоголгон 6 адамдын сөөгү аныкталды

1992 - 1995 -  жылдары Босния согушунда өлкөнүн түрдүү аймактарында дайынсыз жоголгон 6 адамдын сөөгү аныкталды.

Босния Герцеговина дайынсыз жоголгон кишилер институту тарабынан берилген билдирүүдө күбөлүктөрү аныкталган 6 кишиден  1961 -  жылы туулган Сафижа Параганлия жана 1985-жылы туулган кызы Амира Параганлиянын 1992-жылы Братунацта жоголгондугу жана сөөктөрүнүн 2021 -  жылы   Йосевадагы массалык көрүстөндөн чыгарылгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө күбөлүгү аныкталган башка бир курмандыктардын 1995 -  жылы Поточариде жоголгон жана сөөктөрү 2015 -  жылы  Зворникте табылган 1940 -  жылы туулган Мужо Эсмич, 1992 -  жылы Власенициада  жоголгон жана сөөктөрү 2003 -  жылы табылган, 1979 -  жылы туулган Рахман Хрнич, сөөктөрү былтыры  Вишеградда табылган 1928-жылы туулган Амир Омерович жана 1954-жылы туулган Хасиб Нуканович экендиги белгиленди. 

Серб парламенти 1991 -  жылы 21 -  декабрда Югославиянын ичинде федералдык түзүм катары Босния Герцеговина Серб Республикасынын түзүлүшү жана ошол эле учурда Крайна Серб Республикасын таануу чечимин кабыл алган. Бул чечимдин негизинде  1992 -  жылы 9 -  январда Босния Герцеговина Серб Эл Республикасы жарыяланды. 

Босния Герцеговинанын 1992 -  жылы 29 - февраль жана 1 -  мартта болгон референдумдун натыйжасында көз карандысыздыгын жарыялашынан кийин сербдердин көзөмөлүндөгү Югославия армиясы жана серб жарым аскерлештирилген бөлүктөрү мусулман бошняктарга каршы этникалык тазалоону баштаган.

1995 -  жылы 14 -  декабрга чейин созулган Босния согушунда 100 миңден азуун адам каза болуп, 2 миллионго жакын адам жер которууга мажбур болгон. 

 

 



Тектеш кабарлар