Орус күчтөрүнүн Украинанын бир канча шаарына ракеталык чабуулдары болду

Бул тууралуу Донецк облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Павел Кириленко социалдык медиа эсебинен билдирди.

1965757
Орус күчтөрүнүн Украинанын бир канча шаарына ракеталык чабуулдары болду

Орус күчтөрүнүн Украинанын Славянск шаарына бүгүн эртең менен жасаган ракеталык чабуулунан бир киши каза болуп, 25 киши жараланды.

Донецк облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Павел Кириленко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орусиялыктардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамасында Славянск шаарына С-300 ракеталары менен кол салганын айтты.

«Кол салуулардын натыйжасында кеминде бир адам каза болуп, 25 киши жарадар болду, администрациялык жана кеңсе имараттары, 5 батирлүү турак үй жана 7 жеке турак жай талкаланды»,-деп айткан Кириленко Славянскта кыйраган имараттардын урандыларында издөө-куткаруу иштери уланып жатканы тууралуу маалыматты бөлүштү.

Орус армиясынын ошол эле саатта Дружковка шаарына да ракеталык кол салууларды жасаганын белгилеген Кириленко, эки ракета тийген үй-жайсыздардын үйүнүн толугу менен талкаланганын айтты.

Орус күчтөрүнүн бүгүн Авидиевкага ракеталык чабуул жасаганын белгилеген Кириленко кол салууларда мейманкана жана сот имаратынын зыянга учураганын билдирди.

Буга кошумча Кириленко, орусиялыктар Курахове, Соледар, Звановка жана башка конуштарды да күндүз бомбалаганын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Славянсктагы кол салуу боюнча социалдык тармактагы эсебинен билдирүү жасады.

«Дагы бир күн орус террору менен башталды. Агрессор мамлекет биздин Славянскибизди бомбалады»,-деп жазган Зеленский кол салууларда каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин айтты.

Зеленский:«Биздин элибизге жасалган бейбаштыкты, бул өлүмдөрдү жана жаракаттарды Украина кечирбей турганын душман билиши керек. Орусиянын бардык террористтери талкаланат. Бул агрессияга катышкан ар бир адам жооп берет»,-деп өз пикирин бөлүштү.



Тектеш кабарлар