Германиянын Леопард танктары Украинага жетти деген айтымдар

Spiegel журналы, танктардын Германиядан Украина чек арасына жеткирилгенин жазып чыкты.

1965828
Германиянын Леопард танктары Украинага жетти деген айтымдар

Германия өкмөтүнүн Украинага 18 даана Leopard танктарын тапшыргандыгы айтылууда.

Spiegel журналы, дем алыш күндөрү танктардын Германиядан Украина чек арасына жеткирилгенин жазды.

Леопард танктарынын Украинага курал-жарак жана тетиктердин комплекстүү пакети менен бирге жеткирилгени маалымдалды.

Кабарда Leopard танктарынан тышкары 40 даана Мардер тибиндеги бронетехниканын да согуш аймагына жеткени белгиленди.

Немис өкмөтүнүн коопсуздук тынчсызданууларынан улам курал ташуунун так багытын жашыргандыгы айтылган кабарда, немис армиясынын акыркы эки айда украин аскерлерин ылдам машыгуу программасы менен машыктырганы эске салынды.


Этикеткалар: #Leopard танктарынан

Тектеш кабарлар