Путин: «Батыш жаңы альянс түзүүнү каалап жатат»
Владимир Путин Орусиянын мамлекеттик телеканалына билдирүү жасады.
Орусиянын президенти Владимир Путин анын өлкөсү Кытай менен аскердик союзда эмес экенин айтты.
Владимир Путин Орусиянын мамлекеттик телеканалына билдирүү жасады.
Путин Орусиянын Кытай менен эч кандай аскердик альянска кирбегенин, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык иш-чараларынын ачык-айкын жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Батыш өлкөлөрүн сындаган Путин, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германия, Италия жана Япония жетектеген ОСИ мамлекеттеринин альянсын эске салды.
АКШ менен НАТОнун дагы глобалдык альянстарды түзүүнү каалап жатканын жүйө келтирген орус лидер: «Батыш жаңы ОСИ мамлекеттеринин альянсын түзүүнү каалап жатат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.