Венесуэланын тышкы иштер министри Рамазан айы менен мусулмандарды куттуктады

Министр Гил Твиттер эсебинен түрк тилинде жазуу түрүндө маалымат берди.

1964918
Венесуэланын тышкы иштер министри Рамазан айы менен мусулмандарды куттуктады

 Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Гил мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктады.

Министр Гил Твиттер эсебинен түрк тилинде жазуу түрүндө  билдирүү жарыялады.

Дүйнөдөгү мусулмандарды рамазан айы менен куттуктаган Гил билдирүүсүндө : «Боливардык Венесуэла Республикасы ислам дининдеги баары үчүн рамазан айынын башталышы менен мусулман ааламына бир туугандык саламын жана бакыт, тынчтык тилектерин билдирет»,- деди.

Гил дуа жана тилектештиктин маанисин баса белгилеп : «Элибиз жана өкмөтүбүз ибадаттар менен ишеничин бекемдеген, Аллахка ыраазычылык билдирген бардык адамдар руханий сезмидер менен орундаткан ибадаттарын колдойт»,- деди.

Рамазан айынын жакшы өтүшүн каалаган Гил : «Боливар элижана өкмөтү адамзаттын жана Ислам калкынын жыргалчылыгы үчүн кылынган дуалар Алла Таалага жетет деп үмүттөнөт»,-деди.



Тектеш кабарлар