Ирандагы жер титирөөдөн 82 киши жаракат алды

Бүгүн эртең менен болгон жер титирөө Түркиянын Хаккари жана Ван шаарларында да сезилди.

1964575
Ирандагы жер титирөөдөн 82 киши жаракат алды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында болгон жер титирөөдө 82 киши жаракат алды.

Батыш Азербайжан губернаторлугунун Кризистик Башкармалыгынын башкы директору Эмир Аббас Жафери басма сөзгө берген маалыматында, очогу Хой шаары болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө Хой жана Селмас шаарларындагы бир нече имараттын зыянга учураганын айтты.

Жафери: «Жер титирөөдө Хой жана Селмас шаарларында 82 киши жаракат алды»,-деди.

Бүгүн эртең менен болгон жер титирөө Түркиянын Хаккари жана Ван шаарларында да сезилди.

Түркия чек арасына жакын жайгашкан Хой шаарында 28-январда күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөдө 3 адам каза болуп, 1167 адамдын жаракат алганы кабарланган.



Тектеш кабарлар