Бетховендин чачынан алынган ДНК менен өлүм себеби белгилүү болду

Немис пианист жана композитору Людвиг ван Бетховендин боор оорусуна жакын болгондугу жана өлүмүнөн көптөгөн айлар гепатит В менен ооругандыгы ортого чыкты.

1964291
Бетховендин чачынан алынган ДНК  менен өлүм себеби белгилүү болду
beethoven'in saci.jpg

Немис пианист жана композитору Людвиг ван Бетховендин боор оорусуна жакын болгондугу жана өлүмүнөн көптөгөн айлар гепатит В менен ооругандыгы ортого чыкты.

Бетховендин күйөрмандары эстелик катары сактаган 8 тал чачтын ДНК изилдөөлөрү Германияда 1770-жылы туулган атактуу композитордун өлүмү боюнча жаңы маалыматтарды ачыкка чыгарды.

Кембридж университетинин изилдөө тобу тарабынан алынган геномдук маалыматтардын натыйжасында цирроздон каза болгону белгилүү болгон пианисттин боор оорусуна генетикалык жактан жакындыгы жана өлүмүнөн айлар мурда гепатит В оорусуна чалдыкканы белгилүү болду.

Изилдөө тууралуу жазган группанын башкы автору Тристан Бегг белгилүү композитордун көп спирттик ичимдик ичүүсү менен  бирге боор оорусуна генетикалык факторлордун себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

Мындан тышкары, билдирүүдө Бетховендин алынган геномдук маалыматтар менен тамак сиңирүү системасында көйгөйлөр бар экендиги жана мунун целиак оорусу же лактозага сезгичтиги себеп болбогону белгиленди.

Жүргүзүлгөн изилдөөдө 20 жаштын орто ченинде угуусу начарлай баштаган жана 1818-жылга чейин угуусун толугу менен жоготкон Бетховендин угуусун жоготуусунун так себеби аныктала алган жок.

Германиядагы Макс Планк атындагы Эволюциялык антропология институтунан Йоханнес Краузе изилдөөгө байланыштуу билдирүүсүндө Бетховендин өлүмүнүн так себебин айтуу мүмкүн эмес экенин белгилеп: «Бирок, бул этапта биз муну тастыктай алабыз. Олуттуу тукум куучулук коркунучу бар жана ал гепатит В",- деди.

Бетховен 1827-жылы Венада каза болгон.

 



Тектеш кабарлар