АКШда антисемиттик окуялары көбөйүп баратат

АКШдагы   антисемитизм окуялары 2022 - жылы эң жогорку деңгээлге жетти.

1964771
АКШда антисемиттик окуялары көбөйүп баратат

АКШдагы   антисемитизм окуялары 2022 - жылы эң жогорку деңгээлге жетти.

АКШдагы негизги еврей мекемелеринен Тануу жана жалаага каршы биримдиктин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШда 2022 -  жылы 3 миң 697  антисемиттик окуянын болгондугун жарыялады.

2021 -  жылга салыштырганда антисемиттик окуяларда 36 пайыздык өсүү болгондугу билдирилген маалыматта, бул өсүүнүн Тануу жана жалаага каршы биримдиги каттай баштаган 1979 -  жылдан бери катталган «эң жогорку катнаш» экендиги баса белгиленди.

Маалыматта эң көп антисемиттик окуялар болгон аймак 580 окуя менен Нью Йорк болду.

Нью Йорктон кийин 518 окуя менен Калифорния, 408 окуя менүн Нью  Жерси, 269 окуя менен Флорида, 211 окуя менен Техас келди.

Маалыматта бул 5 аймактагы окуялардын баарынын АКШнын баарында болгон окуялардын 54 пайызына туура келгендиги билдирилди.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Тануу жана жалааларга каршы биримдиктин жогорку башкаруучусу Жонатан Гринблатт : «Антисемиттик окуялардын өсүшүнөн улам тынчсыздануудабыз»,-деди.

Гринблатт бул өсүү үчүн бир гана нерсенин себеп болбогондугун белгилеп : «Бул өсүүлөрдө ак адамдардын үстөмдүк кылуучу пропагандалык аракеттери, православдык еврейлерге жасалган кол салуулар, христиан уюмдарга карата бомба коркутууларындагы өсүүлөр таасирдүү болду»,- деген көз карашын бөлүштү.



Тектеш кабарлар