Лондондун белгилүү көчөсү Рамазан айынан улам биринчи жолу жарыктандырылды
Көчөдөгү жарыктандырууга лондондуктардан тышкары чет элдик туристтер да чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Англиянын борбор шаары Лондондун эң кыймылдуу көчөлөрүнүн бири болгон Ковентри, Рамазан айынан улам биринчи жолу өзгөчө жарыктандырылды.
Шаардын эң маанилүү туристтик жайлары жайгашкан көчөдө 30 миң лампа менен "Рамазан айыңар куттуу болсун" деп жазылды.
Жарыктар Лондондун мэри Садык Хандын катышуусундагы азем менен ачылды.
Жарыктандыруу концепциясы, Рамазан айы тууралуу маалымдуулукту жайылтууну максат кылган "Ramazan Lights UK" коммерциялык эмес уюм тарабынан даярдалды.
Көчөдөгү жарыктандырууга лондондуктардан тышкары чет элдик туристтер да чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Жарыктар бүгүндөн 23-апрелге чейин күн сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн 01:00гө чейин көчөнү жарыктандырат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.