Кытай менен АКШнын ортосунда аскердик кеме чыңалуусу

Америка Кошмо Штаттарынын деңиз флотуна таандык аскерик кемесинин Кытайдын Түштүк Кытай деңизинде эгемендигин ырастаган аралдардын  жанынан өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы аскердик чыңалууга себеп болду.

1964289
Кытай менен АКШнын ортосунда аскердик кеме чыңалуусу

Америка Кошмо Штаттарынын деңиз флотуна таандык аскерик кемесинин Кытайдын Түштүк Кытай деңизинде эгемендигин ырастаган аралдардын  жанынан өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы аскердик чыңалууга себеп болду.

Кытай Элдик боштондук армиясынын түштүк фронтунун командирлигинин билдирүүсүндө, АКШнын деңиз флотуна таандык АрлейБерк классындагы ракеталык эсминец USS Miliusтун кытайлыктар "Шиша" деп атаган  Спартли аралдарына жакын жерде “уруксатсыз аймактык сууларга киргени” маалымдалды.

Кытай деңиз жана аба күчтөрүнүн кемени эскертип аймактан  «чыгаргандыгы» айтылган билдирүүдө кеменин аткарган ишинин тынчтык жана туруктуулукка зыян келтиргендиги белгиленип, Кытай армиясынын «дайыма сергек экендигин» жана «улуттук эгемендикти жана коопсуздукту сактоо үчүн керек болгон бардык чараларды көрөрү» билдирилди.

АКШнын Тынч океандагы 7-флоту  Кытай армиясынын АКШнын согуштук кемесин аймактан чыгаргандыгы  билдирүүсүн четке какты.

USS Miliusтун аймактан чыгарылбагандыгы, Түштүк Кытай деңизинде адаттагы операциянын жүргүзүлүп жаткандыгы билдирилген маалыматта : «АКШнын куралдуу күчтөрү эл аралык укук уруксат берген жерде учууну,  парус ачууну жана операция жүргүзүүнү улантат»,- деп айтылды.

Түштүк Кытай деңизиндеги жээктеш өлкөлөрдүн эгемендик талашына дуушар болгон Спартли аралдарынын көбү Кытайдын көзөмөлүндө.

Кытай биринчи жолу 1947-жылы жарыялаган карта менен Түштүк Кытай деңизинин 80 пайызына ээ экендигин айтууда. Суу астындагы ресурстарга бай аймактагы дооматтар башта Филиппин болгон  Вьетнам, Бруней жана Малайзия сыяктуу жээктеш коңшу өлкөлөр менен эгемендүүлүк талашына жол ачууда.

 



Тектеш кабарлар