Иран менен E3 өлкөлөрү жолугушту

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакири маалымат берди.

1964020
Иран менен E3 өлкөлөрү жолугушту

Британия, Франция жана Германиянын жогорку даражалуу дипломаттары Норвегиянын борбор шаары Ослодо Иран менен жолугушту.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакири, Е3 деп аталган атомдук келишимдин европалык тараптары Британия, Франция жана Германиянын жогорку даражалуу дипломаттары менен Ослодо жолугушканын маалымдады.

Бакири Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө : «Ослодо E3 өлкөлөрүнүн саясий директорлору менен жолугушуу өткөрдүк, эки тарапты кызыктырган жана тынчсызданууларга байланыштуу бир топ теманы комплекстүү түрдө талкууладык»,-деди.

Ирандын «көз карашын тактоо жана кээ бир туура эмес эсептөөлөргө каршы эскертүү» үчүн эч бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай турганын белгилеген Бакири: «Улуттук кызыкчылыктарыбызды дипломатия аркылуу алдыга жылдырууга чечкиндүүбүз»,-деп баа берди.

Бакири жолугушуунун Иран менен АКШнын ортосундагы чечилбеген талаш-тартыштардан улам өткөн жылдын сентябрь айында токтотулган атомдук сүйлөшүүлөргө тиешеси бар-жогун айткан жок.



Тектеш кабарлар