Германияда эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат

Гамбург аэропортунда кечээ кечинде башталган эскертүү иш таштоосунун 24 саатка созулушу күтүлүүдө.

1964287
Германияда эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат

Германиянын Мюнхен жана Гамбург аэропортторунда иштеген кызматкерлердин эскертүү иш таштоосунан улам каттамдар кечигип жана үзгүлтүккө учурап жатат.

Мюнхен аэропортунан берилген маалыматта коопсуздук жана жердеги кызматкерлеринин эскертүү иш таштоосунун бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталганы жана түштөн кийин саат 14:00дө бүтүшү күтүлгөнү белгиленди.

Кээ бир коопсуздук көзөмөл дарбазалары ачылбаган аэропорттун билдирүүсүндө, кечигүүлөр жана үзгүлтүктөрдүн  чектүү экендиги белгиленип,  ал эми уча турган жүргүнчүлөрдүн аэропортко мүмкүн болушунча эртерээк баруусу сунушталып, көбүрөөк күтүү убакыттарын эсепке алуулары керектиги айтылды.

Гамбург аэропортунда кечээ кечинде башталган эскертүү иш таштоосунун 24 саатка созулушу күтүлүүдө.

Аэропортто бүгүн пландалган 252 каттамдын биринде да ушул убакка чейин эч кандай токтотуунун болбогондугу, жүргүнчүлөрдүн мүмкүн болгон кечигүүлөргө каршы чара көрүүлөрү керектиги айтылды.

Верди профсоюзунун чакырыгы боюнча иш таштаган кызматкерлер эмгек акыларын 10,5 процентке жогорулатууну талап кылышууда.



Тектеш кабарлар