АфБ Сомалидеги террордук уюм Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн 90 миллион доллар жардам сурады

АфБнын саясий иштер, тынчтык жана коопсуздук боюнча комиссары Банкол Адеойе басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Сомалиде террор менен күрөшүүдө дагы көп колдоого муктаж экендиктерин айтты.

1964208
АфБ Сомалидеги террордук уюм Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн 90 миллион доллар жардам сурады

Африка Биримдиги (АфБ) Сомалидеги террордук уюм Эш-Шабааб менен күрөшүү үчүн 90 миллион доллар жардам сурады.

АфБнын саясий иштер, тынчтык жана коопсуздук боюнча комиссары Банкол Адеойе басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Сомалиде террор менен күрөшүүдө дагы көп колдоого муктаж экендиктерин айтты.

Адеойе, Эш-Шабааб менен күрөшүүдө 90 миллион долларлык жардам талап кылгандарын белгилеп, жетиштүү колдоо көрсөтүлбөсө көптөгөн аймактын уюмдун колуна өтүшү мүмкүн экенин эскертти.

Сомалидеги абалдын абдан оор экенине көңүл бурган Адеойе : «Эл аралык коомчулуктун Сомалиге болгон кызыгуусун жоготушун каалабайбыз»,-деди.

Адеойе Батыш өлкөлөрүнүн Украинага берген колдоосуна көңүлдөрдү буруп, Сомалиге да ушундай эле жардамдын берилишин талап кылды.

Сомалиде 20 миңден ашуун жоокер Африка Биримдигинин өткөөл миссиясынын алкагында кызмат өтөөдө.

Эл-Шабааб 2000-жылдардын ортосунан бери Могадишодо түзүлгөн өкмөттү кулатууга аракет кылып келет.

Уюм Сомалинин коңшусу Кенияда да маал-маалы менен террордук актыларды уюштурат.



Тектеш кабарлар