Украина менен IMF макулдашты

Каржы пакетинин болжол менен 15,6 миллиард доллар экени кабарланды.

1963210
Украина менен IMF макулдашты

2022-жылдын 24-февралынан бери Орусия менен согушуп жаткан Украина Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен 15,6 миллиард долларлык каржы пакети боюнча келишимге жетишти.

Эл аралык Валюта Фондунун билдирүүсүнө караганда, IMFтин миссия делегациясы менен украиналык жетекчилер, техникалык деңгээлде каржылык туруктуулукту жана экономиканы калыбына келтирүүнү колдоону камтыган 48 айлык фонд түзүлүүсү темасында макулдашты.

Билдирүүдө украиналык жетекчилердин талабы боюнча Гэвин Грейдин лидерлигиндеги Эл аралык Валюта Фондунун делегациясынын 8-15-март күндөрү Польшанын борбор шаары Варшавада 4 жылдык экономикалык программа боюнча Украина бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү белгиленди.

Каржы пакетинин болжол менен 15,6 миллиард доллар экени кабарланган билдирүүдө, аталган экономикалык программанын IMFтин Аткаруучу директорлор Кеңешинин бекитүүсүнө байланыштуу экени жана кеңештин алдыдагы жумаларда карап чыгышынын күтүлүп жатканы маалымдалды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) казына министри Жанет Йеллен Украина менен Эл аралык Валюта Фондунун ортосунда жаңы экономикалык программа боюнча жетишилген келишимге байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Амбициялуу жана туура шартталган IMF программасынын жакшы башкарууну күчтөндүрүү, коррупциялык тобокелдиктер менен күрөшүү жана керектүү финансылык колдоону камсыздоо менен бирге Украинанын реформа аракеттерин колдоо үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген Йеллен, АКШ жана өнөктөштөрү тарабынан берилген экономикалык жардамды да колдой турганын айтты.



Тектеш кабарлар