Австралиядагы өрт

Өрт апаатында Tjoritja (West MacDonnell) улуттук паркынын 20 пайызга жакыны күйүп кетти.

1963513
Австралиядагы өрт

Австралиянын Түндүк аймагындагы Элис-Спрингс шаарынын батыш тарабына жайылган өрттөн 100 миң гектарга жакын жер зыян тартты.

ABC News телеканалынын кабарына караганда, шаардын батышында таасирдүү болгон 5 өрт апаатында Tjoritja (West MacDonnell) улуттук паркынын 20 пайызга жакыны күйүп кетти.

West MacDonnell тоо кыркалары биологиялык ар түрдүүлүк жана туризм жагынан абдан маанилүү болуп эсептелет.

Шаарда ушул убакка чейин 100 миң гектарга жакын жер күлгө айланса, Нарвейтоома, Глен Хелен жана Амбурладагы ири мал чарбалары жалын менен күрөшүп жатышат.

Түндүк аймактык өрт жана куткаруу кызматынын билдирүүсүндө, аймактын түштүк бөлүгүндөгү өрт мезгилинин апрель айынын аягына чейин узаганы жана "жакынкы жумаларда Борбордук Австралияда өрт коркунучунун күчөй турганы" айтылды.

2011-жылы Борбордук Австралиядагы өрттүн кесепетинен 400 гектардан ашык чөлдүү аймак жабыркаган.



Тектеш кабарлар