Россия : "Украина мунай кууруна кол салды"

Россия Дружба аркылуу Польша, Германия, Хорватия жана Венгрия сыяктуу көптөгөн Европа өлкөлөрүнө мунай жөнөтүүдө.

1963075
Россия : "Украина мунай кууруна кол салды"

Россия Украина армиясынын Европага мунай ташыган Дружба кууруна  учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салгандыгын билдирди.

Россиянын Брянск аймагынын губернатору Александр Богомаз  Телеграм каналынан берген билдирүүдө Украина куралдуу күчтөрүнүн Россиянын Брянск аймагындагы Дружба куурундагы  Новозыбков мунай насостоочу станциясына учкучсуз учак менен кол салганын, кол салууда эч кимдин жараланбаганын билдирди.

Окуя болгон жерде шашылыш кызмат кызматкерлеринин иштеп жатканын белгилеген Богомаз, коопсуздукту камсыздоо максатында аймактагы кээ бир калктуу конуштарда электр жарыгынын убактылуу өчүрүлгөндүгүн билдирди.

Орус мунай куурунун иштетүүчүсү "Транснефть" 1-февралда Дружба кууруна саботаж жасоо аракети болгонун билдирген.

«Транснефть» компаниясы өткөн аптада жасаган билдирүүдө Дружба куурундагы  Новозыбков мунай насостук станциясында бомбанын табылганы айтылган.

Россия Дружба аркылуу Польша, Германия, Хорватия жана Венгрия сыяктуу көптөгөн Европа өлкөлөрүнө мунай жөнөтүүдө.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар