Кишида Фумио Зеленский менен жолугушат

Украинадан келген чакырууларга байланыштуу билдирүүсүндө Кишида ылайыктуу убакытты күтүп жаткандыгын айткан.

1962890
Кишида Фумио Зеленский менен жолугушат

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Украинага барып, президент Владимир Зеленский менен жолугушат.

Япониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Кишида Фумио Украинада президент Зеленский менен жолугушат.

Май айында Хиросимада өткөрө турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитинин алдында Кишида өлкөсүнүн Украинага чечкиндүү колдоосун баса белгилейт. Премьер-министр Кишида эртең да Польшага барат.

Япониянын премьер-министри Россия-Украина кризиси башталган 2022-жылдын февраль айынан бери Украинага барбаган G7нин жалгыз лидери болгон.

Украинадан келген чакырууларга байланыштуу билдирүүсүндө Кишида ылайыктуу убакытты күтүп жаткандыгын айткан.



Тектеш кабарлар