Польшадагы украиналык качкындардын саны
Польшанын Чек ара кызматы Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.
1962344
Украинадан Польшага кирген качкындардын саны 20-марттан тарта 10 миллион 500 миңден ашты.
Польшанын Чек ара кызматынын Твиттердеги баракчасынан жарыяланган билдирүүдө, Украина-Орусия согушу башталгандан бери (2022-жылдын 24-февралында) миграциянын күчөгөнү эскертилди.
Кечээ эле Украинадан өлкөгө 23 миң 900 кишинин киргени белгиленип: "Согуш башталгандан бери Украинадан Польшага өткөндөрдүн саны 10 миллион 500 миңден ашты"-деп кабарланды.
Польшадан кеткен украиндердин жалпы саны болсо 8 миллион 600 миң болду.
Польшада жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, өлкөдөгү калктын 81 пайызы Орусия-Украина согушунан улам өлкөгө келген баш калкалоочуларга колдоо көрсөтүлүшү керек деп эсептейт.