Борбордук Африка Республикасында кытайлык 9 кенчи мерт кетти

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Бамбари шаарынын Чингболо айылында кытайлык Голд Кост Груп (Gold Coast Group) компаниясына таандык кенге белгисиз куралчан адамдар кол салышкан.

1962009
Борбордук Африка Республикасында кытайлык 9 кенчи мерт кетти

Борбордук Африка Республикасынын (БАР) Бамбари шаарындагы алтын кенине куралдуу топтун кол салуусунан 9 кытай жараны каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Бамбари шаарынын Чингболо айылында кытайлык Голд Кост Груп (Gold Coast Group) компаниясына таандык кенге белгисиз куралчан адамдар кол салышкан.

Кол салууда кол салгандар кендеги техникаларды жана турак жайларды тоноп, 9 кытайлык кенчини өлтүрүшкөн.

Аймакта Gold Coast Group компаниясы 5 күн мурун иштей баштаганы айтылды.

Кол салгандарды табуу үчүн аймакта операция башталды.

Борбордук Африка Республикасында 3 күн мурун Өзгөрүүлөр үчүн Патриоттор Коалициясы (КПК) деп аталган козголоңчу топтун мүчөлөрү Нана-Мамбере аймагындагы Гбембо айылына жакын жерде жайгашкан кенге кол салып, 3 кытайлык кенчини барымтага алышкан.



Тектеш кабарлар