Украинанын премьер - министри дан коридору келишимине байланыштуу  баа берди

Украина өкмөтүнүн басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда премьер-министр Шмигал өкмөт жыйынында дан коридору келишимине байланыштуу  баа берди.

1961652
Украинанын премьер  - министри дан коридору келишимине байланыштуу  баа берди

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал дан коридору келишиминин мөөнөтсүз болушун талап кылгандарын айтты.

Украина өкмөтүнүн басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда премьер-министр Шмигал өкмөт жыйынында дан коридору келишимине байланыштуу  баа берди.

Украинанын дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун негизги ачкычтарынын бири экенин белгилеген Шмигал : "Ушул себептен дан келишиминин мөөнөтсүз болушунда жана автоматтык түрдө 120 күнгө узартуу тууралуу катуу турабыз",- деди. 

Шмигал Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун да мындай мамилени колдогонуна көңүл бурур : "Чабуулчунун (Орусия) келишим мөөнөтүн кыскартуу аракети дагы көп шантаж кылуу  жана глобалдык  азык-түлүк кризисти курчутуу үчүн жасалган манипуляция. Буга жол берилбеши керек",- деди. 

Дан коридору келишими  Түркия, УКраина, Россия жана БУУнун арасында 2022 -  жылы 22 -  июлда Стамбулда түзүлгөн.

2022 -  жылы 19 -  ноябрдан тарта 120 күндүк мөөнөт менен узартылган келишим бүгүн акырына чыгат. 

 



Тектеш кабарлар