Словакия Украинага аскердик реактив берет

Словакиянын премьер  - министри Эдуард Хегер өлкөдө колдонулбаган, советтер союзу убагында чыгарылган 13  Mig-29 үлгүсүндөгү  аскердик реактивдин Украинага жиберилишин бийликтеги азчылык өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

1961405

Хегер узун убакыттан бери күн тартибинде орун алган советтик учактардын Украинага жиберилишине байланыштуу Твиттерден маалымат берди.

Украинага берилген убаданын орундатылышы керектигин белгилеген Хегер : «Словакия өкмөтү 13 Mig-29 реактивдин Украинага жиберилишин бекитти»,- деди.

Хегер Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин согуштук учактары жана дагы көп курал талап кылгандыгын, өздөрүнүн да колунан келгендин баарын аткарууга аракет кылаарын эске салды.

Премьер  - министр Хегер : «Башка өлкөлөр да ушундай иштерди аткарып жатышат. Украинага негизги аскердик жардам материалдарын жеткирүүнүн аркасында бул өлкө өзүн да, Европаны да Россиядан коргой алат»,-деди.

Хегер 2022 -  жылы июль айында берген билдирүүсүндө советтик реактивдердин Ф  - 16лар менен алмаштырыларын, 2022 – жылдын сентябрь айынан тарта бул учактардын колдонулбай тургандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар