АКШ Украина - Кытай жакындашуусун колдойт
Америка Кошмо Штаттары Россия - Украина согушунда Кытайдын позициясын тыкыр байкоодо.
Америка Кошмо Штаттары Россия - Украина согушунда Кытайдын позициясын тыкыр байкоодо.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жон Кирби Пекиндин Украинанын согуш тууралуу көз карашын угуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кирби Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн колдогондорун айтты.
Кытайдын Тышкы иштер министри Цин Ганг менен украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба телефон аркылуу сүйлөштү.
Кытайдын министри чыңалуунун мындан ары күчөшү жана кризистин көзөмөлдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн тынчсызданып жаткандыгын айтты.
Ганг Кытай объективдүү жана адилеттүү позицияда экендигин айтты.
2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинаны басып алуу буйругун берип, Россия - Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТО мүчөлүгүнө тоскоол болуу жана аны Россиянын таасири астында кармоо үчүн өлкөнүн демилитаризациялоону жана нацисттерден тазалоону максат кылганын айтты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.