Иранда белгиленген «Шаршемби Сури» майрамында 26 киши каза болду

ИРНАнын маалыматына ылайык, Ирандын чукул жардам борборунун башчысы Кафер Миадфер «Шаршемби Сури» майрамында болгон окуялар тууралуу маалымат берди.

1960167
Иранда белгиленген «Шаршемби Сури» майрамында 26 киши каза болду

Иранда Хижри Шамси календары боюнча жылдын акыркы шаршемби түнүндө өткөрүлгөн «Шаршемби Сури» майрамында өлкө боюнча 26 киши каза болуп, 4368 киши жараланды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Ирандын чукул жардам борборунун башчысы Кафер Миадфер «Шаршемби Сури» майрамында болгон окуялар тууралуу маалымат берди.

Миадфер : "Кырсыктарда 26 адам каза болуп. 4 миң 368 адам жаракат алды." деди.

Өлүм менен коштолгон кырсыктардын көбүнүн Тегеран, Тебриз, Хамедан, Урмия, Казвин жана Фарс облустарында болгонун белгилеген Миадфер быйыл өткөн жылга салыштырмалуу жаралууларда 22 пайыздык өсүү болгонун белгиледи.

Иранда жаңы жыл Нооруздан мурда жылдын акыркы шаршемби күнү өткөрүлгөн майрамда өзгөчө балдар менен жаштар жагылган оттун үстүнөн аттап, фейерверктер атылат. Бул майрамдарда болгон кырсыктар жана ага чейинки даярдыктар өлкөдө жыл сайын ондогон адамдын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдын жараланышына себеп болууда.



Тектеш кабарлар