Имран Ханга карата полиция операциясы токтотулду

Сот Хандын камакка алынышы үчүн полиция баштаган операциянын эртең саат 10:00гө чейин токтотулушуна чечим чыгарды.

1960344
Имран Ханга карата полиция операциясы токтотулду

Пакистанда Лахор Жогорку соту  сот отурумуна катышпагандыктан  камоо чечими чыгарылган мурдагы премьер  - министр Хандын камакка алынышы үчүн полиция баштаган операциянын эртең жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00гө чейин токтотулушуна чечим чыгарды.

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларга караганда Пакистан адилеттик кыймыл партиясынын төрага орунбасары Чаудри Фавад Хүсейиндин нааразычылык билдирүүсү  Лахор Жогорку соту тарабынан каралды.

Сот Хандын камакка алынышы үчүн полиция баштаган операциянын эртең саат 10:00гө чейин токтотулушуна чечим чыгарды.

Ханды кармоо үчүн полиция тарабынан кечээ башталган операциянын натыйжасында Пакистан адилеттик кыймыл партиясынын  тарапкерлери менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу чыккан.

Полиция жана аскерлештирилген бөлүктөр  Имран Ханды камакка ала алышкан эмес.Окуяларда 54 полиция жаракат алып, 15 митингчи камакка алынган.

13 -  мартта Исламабад аймактык сотунда Хан премьер  - министр болуп турган кезде чет элдик мамлекеттик кызматкерлерден келген белектердин сатылгандыгы жана 2022 -  жылы август айында бир аял сотту коркуткан деген ырастоолор менен соттолгон эки иш боюнча гуулар болду.

Эки сотко да катышпаган Хан тууралуу өз өзүнчө камоо чечими чыгарылган.

Лахор коопсуздук директору Билал Кумяна журналисттерге берген билдирүүсүндө полициянын сот чечиминин негизинде Ханды  камакка алуу менен милдеттендирилгендиги белгиленген.

Хан премьер  - министрлик кызматта турган кезде чет элдик мамлекеттик кызматкрелерден келген белектердин сатылгандыгы боюнча сот полицияга 29 -  марттагы угууга Ханды алып келүү менен милдеттендирген.

 



Тектеш кабарлар