Евробиримдиктен 18 жаштагыларга бекер поезд билети

Евробиримдиктин "Erasmus+" программасынын алкагындагы "DiscoverEU" долбоорунун негизинде 18 жаштагылар онлайн арыз берүү аркылуу 30 күнгө чейин жарактуу бекер билеттерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

1960276
Евробиримдиктен 18 жаштагыларга бекер поезд билети

Европа Биримдиги (ЕБ), мүчө мамлекеттер менен бирге Түркия да арасында болгон кээ бир өлкөлөрдөн 18 жаштагы 35 миң улан-кызга Европаны кыдыруусу үчүн бекер поезд билетин берет.

Евробиримдиктин "Erasmus+" программасынын алкагындагы "DiscoverEU" долбоорунун негизинде 18 жаштагылар онлайн арыз берүү аркылуу 30 күнгө чейин жарактуу бекер билеттерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жана Эразмус+программасын камтыган өлкөлөр Исландия, Лихтенштейн, Түндүк Македония, Норвегия, Сербия жана Түркиянын жарандары же мыйзамдуу жашоочулары болгон жаштарга бекер поезд билеттери берилет.

Ал үчүн 2004-жылдын 1-июлунан 2005-жылдын 30-июнуна чейин төрөлгөндөр 29-мартка чейин "https://youth.europa.eu/discovereu_en" баракчасындагы викторинада берилген суроолорго жооп бериши керек.

Тандалган жаштар билеттерин Европа өлкөлөрүндө 2023-жылдын 15-июнунан 2024-жылдын 30-сентябрына чейин эң көп дегенде 30 күн колдоно алышат.

ЕБ тарабынан 2018-жылдан бери ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында ушул убакка чейин болжол менен 200 миңге жакын жаштарга бекер поезд билеттери берилди.



Тектеш кабарлар