Грециядагы басма сөз кызматкерлеринин иш таштоосу

Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясы (ADEDY) да 24 сааттык иш таштоо жана борбор Афинада акция өткөрүү чечимин кабыл алып, поезд кырсыгына жооптуулардын табылышын талап кылды.

1960297
Грециядагы басма сөз кызматкерлеринин иш таштоосу

Грецияда басма сөз кызматкерлери 28-февралда өлкөдө болгон жана 57 адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгына күнөөлүүлөрдү табуу талабы менен иш ташташты.

Басма сөз кызматкерлери тарабынан кабыл алынган иш таштоо чечиминин алкагында кабар бюллетендери басылбай, гезит кызматкерлери бир күнгө жумуштан кетишти.

Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясы (ADEDY) да 24 сааттык иш таштоо жана борбор шаар Афинада акция өткөрүү чечимин кабыл алып, поезд кырсыгына жооптуулардын табылышын талап кылды.

Бул иш таштоо чечимин колдогон басма сөз өкүлдөрү эртеңки иш таштоо жана акция тууралуу маалымат берүү үчүн иштөөнү каалагандарынан улам бүгүн акцияга кошулушту.

28-февраль шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.20да Лариса шаарынан 26 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Темпи аймагында болгон кырсыкта көбү университеттин студенттери болгон 57 киши каза тапкан.

Жүргүнчү жана жүк ташыган поезддердин кагышуусу Грециянын темир жолдорунда инфраструктура жана коопсуздук системаларынын кемчилигин ортого салып бул шалаакылыктар реакцияларды жараткан болчу.



Тектеш кабарлар