Францияда сегизинчи иш таштоо башталды

Пенсия реформасына каршы көп сандаган профсоюздардын, айрыкча Жалпы жумушчулардын профсоюзунун (ЖЖП) катышуусу менен сегизинчи чоң иш таштоо башталды.

1960269
Францияда сегизинчи иш таштоо башталды
fransa emeklilik protestosu.jpg
fransa paris cop.jpg

Францияда талаш-тартыштуу пенсия реформасына каршы массалык иш таштоолордун 8-си башталса, өлкө боюнча 200дөн ашык пунктта демонстрациялар өткөрүлөт.

Өлкөдө пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү караган реформа боюнча мыйзам долбоору жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө француз сенаторлору жана депутаттардан турган биргелешкен комиссияда талкууга алына баштаганда бул реформага каршы көп сандаган профсоюздардын, айрыкча Жалпы жумушчулардын профсоюзунун (ЖЖП) катышуусу менен сегизинчи чоң иш таштоо башталды.

Борбор калаа Париж баш болгон көптөгөн шаарда энергетика, транспорт, мунайды кайра иштетүү жана тазалоо сыяктуу түрдүү секторлордун кызматкерлери иш таштады.

Лилль жана Марсель сыяктуу шаарларда жана борбор калаада өлкө боюнча нааразылык акциялары күтүлгөн иш таштоолордун алкагында, аймактык чалгындоо маалыматтарына караганда 50 миңден 80 миңге чейин Парижде болуп 650 миңден 850 миңге чейин кишинин өлкө боюнча ар кандай 230дай пункттарда  демонстрацияларга катышуусу күтүлүүдө.

Иш таштоодон улам кээ бир поезд каттамдары токтотулса, борбор калаанын символдорунун бири болгон Эйфель мунарасы бүгүн жабык болот.

Франциянын жарандык авиация башкы башкармалыгы (DGAC) авиакомпанияларды диспетчерлердин иш таштоосунан улам Париждин Орли аэропортундагы бүгүнкү каттамдарынын 20 пайызын жокко чыгарууга чакырды.

Бир тараптан тазалоочу жумушчулардын реформага каршы бир күндүк иш таштоосунан улам борбор шаар Париждин көчөлөрүндө таштанды үймөктөрү пайда болду.

Франциянын премьер-министри Элизабет Борне 10-январда президент Эммануэль Макрондун шайлоо алдындагы убадаларынын арасында болгон пенсия реформасы ишке ашарын билдирген.

Пенсия жашы 62 болгон өлкөдө 1-сентябрдан баштап мыйзамдуу пенсия жашын жыл сайын 3 айга акырындык менен көбөйтө турганын жана 2030-жылы 64кө көтөрүлөрүн белгилеген Борне, 2027-жылы пенсияны толук алуу үчүн 43 жылдык төлөм талабы киргизилерин айткан.

19-январдан бери өлкө боюнча талаштуу реформага каршы бир топ иш таштоо жана нааразылык акциялары өтүп жатат.



Тектеш кабарлар