Шольц: "Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантабыз"

Шольц борбор шаар Берлинде Бутандын премьер-министри Лотай Тшеринг менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү.

1959489
Шольц: "Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантабыз"

Германиянын канцлери Олаф Шольц, Орусия менен сунуш кылынган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн күмөн санаганын белгилеп, өлкөсүнүн Украинага аскердик колдоосун уланта турганын билдирди.

Шольц борбор шаар Берлинде Бутандын премьер-министри Лотай Тшеринг менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы баштаган согушунун уланып жатканына көңүлдөрдү буруп: «Орусия жаңы аскерлерди чогултуп фронтко жөнөтүп жатат, мындай шарттарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес», - деди.

Шольц: «Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Биздин азыр жасап жаткан ишибиз кырдаалды өзгөртүүгө жана Украина үчүн адилеттүү тынчтыкка жол ачууга багытталууда», - деп айтты.

Украинанын тынчтыкка даяр экенин, бирок мунун буйрук кылынган тынчтык болушу мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Шольц: «Кимдир бирөө башыңа тапанча такса сүйлөшүүгө болбойт. Бирок Орусиянын президенти дагы эле муну жасоого ниеттенүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар