АКШдан өз жарандарына Мексика эскертүүсү

Техастын Коомдук коопсуздук департаменти (DPS) баңги картелдеринен келип чыккан зордук-зомбулук окуяларынын Мексикага баргандардын баарына олуттуу коркунуч туудурганын билдирди.

1958665
АКШдан өз жарандарына Мексика эскертүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас штатында жооптуу кызматкерлер, америкалык жарандарга коопсуздуктун себебинен жазгы каникул учурунда Мексикага барбоо керектигин эскертишти.

Техастын Коомдук коопсуздук департаменти (DPS), баңги картелдеринен келип чыккан зордук-зомбулук окуяларынын Мексикага баргандардын баарына олуттуу коркунуч туудурганын билдирди.

DPS директору Стивен МакКроу, бул өлкөдөгү окуяларга жана картелдердин иштерине көңүл буруп: «Адамдарды бул мезгилде Мексикага баруудан баш тартууга чакырабыз»,- деди.

Бул эскертүү, өткөн аптада чек арадан өтөрү менен төрт америкалыктын уурдалып кетишинен кийин берилди. Алардан экөө өлтүрүлүп, экөөсү болсо аман-эсен бошотулган.

Базарга кийим сатуу үчүн Мексикага барган 3 америкалык аялдын да эки аптадан ашык убакыттан бери дайынсыз экени билдирилди.



Тектеш кабарлар