АКШ Ирандын билдирүүсүн төгүнгө чыгарды

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Абдуллахияндын «Жакында келишимге жетиштик жана АКШ тараптан баары жакшы болсо, кыска мөөнөттө туткун алмашуусуна күбө болобуз деп ойлойм»,деген билдирүүсүн четке какты.

1958592
АКШ Ирандын билдирүүсүн төгүнгө чыгарды

 

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахияндын «АКШ менен туткундарды алмаштыруу боюнча келишимге жетишти» деген билдирүүлөрүнүн чындыкка дал келбестигин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Абдуллахияндын «Жакында келишимге жетиштик жана АКШ тараптан баары жакшы болсо, кыска мөөнөттө туткун алмашуусуна күбө болобуз деп ойлойм»,деген билдирүүсүн четке какты.

Сөз болгон сөздөргө байланыштуу Прайс : «Дагы бир ырайымсыз калп. Мындай калптар үй-бүлөлөрдүн кайгысын күчөтөт. Иранда адилетсиздик менен камалган 3 америкалыкты бошотуу үчүн чоң аракет кылуудабыз. Бул адамдар өз мекендештерине кайрадан кошулмайынча токтобойбуз»,-деп айтты.

Абдуллахиян Ирандын мамлекеттик телеканалына жасаган билдирүүсүндө: «Өткөн жылдын март айынан бери АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөр аркылуу документке кол коюлуп, бекитилди. Азыр аны ишке ашыруу үчүн негиз даярдалды. Биз үчүн баары даяр, АКШ тарап техникалык координациялоону аяктоо процессинде»,-деди.

АКШда айрым ирандык жарандар санкцияларды бузду деген айып менен камакта, Иранда да кеминде үч америкалык жаран тыңчылык кылган деген айып менен камакта.



Тектеш кабарлар