Палестиналык топтор «Женин Улуттук Декларациясын» коомчулукка жарыялашты

Оккупацияланган Батыш Шериадагы Женин качкындар лагеринде улуттук мекемелер жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун ичиндеги топтордун өкүлдөрү катышкан конференция өткөрүлдү.

1958357
Палестиналык топтор «Женин Улуттук Декларациясын» коомчулукка жарыялашты

Палестиналык топтор Израиль өкмөтүнө каршы күрөштө жол картасы боло турган «Женин Улуттук Декларациясын» коомчулукка жарыялашты.

Оккупацияланган Батыш Шериадагы Женин качкындар лагеринде улуттук мекемелер жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун ичиндеги топтордун өкүлдөрү катышкан конференция өткөрүлдү.

Конференциянын координатору Ремзи Фейяд, бул конференцияны Палестинанын чечим кабыл алуучуларынын улутчул Израиль өкмөтү менен күрөшүүдө биргелешип кадам таштоосуна шарт түзө турган расмий билдирүүнү жарыялоо үчүн уюштурушкандарын белгиледи.

Конференцияга катышкан палестиналык топтордун өкүлдөрүнүн декларация боюнча макулдашканын белгилеген Фейяд, Хамас менен Исламий Жихаддын конференцияга катышпаганын, бирок декларациянын көчүрмөсү бул кыймылдарга да жөнөтүлө турганын билдирди.

Палестина элинин жападан-жалгыз жана закондуу өкүлү болгон Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна аброюн кайтарып берүүнүн маанилүүлүгү баса белгилегген билдирүүдө, Палестиналык топтордун башкы катчылары чогулууга жана саясий жетекчиликти биргелешкен күрөштүн программасын даярдоого мобилизациялоого чакырылган.

Билдирүүдө эл аралык форумдарда жана укуктук платформаларда сионисттик расисттик долбоорго каршы саясий жана укуктук күрөш жарыяланышы, каршылык көрсөтүүнү колдоо программасынын алкагында палестиналыктардын башкаруусун колго алуу үчүн улуттук биримдик өкмөтүн түзүү жана Газадагы блокаданын жүгүн жеңилдете тургандай бардык тармактарда  экономикалык, улуттук жана социалдык тилектештик киришүүсүнүн башталышы керектиги белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле Израилдин саясатын ачыкка чыгаруу, кылган кылмыштары үчүн жоопкерчилик тартуусун, баскынчылыкка каршы күрөштө эл аралык күч түзүүнү, Израилдин укук бузууларын ашкерелөөдө укук коргоо уюмдарынын ролуна колдоо көрсөтүү жана эл аралык коомчулуктан Израилди апартеид режими катары таануу өтүнүчү айтылды.

 



Тектеш кабарлар