Англияда иш таштоолорго колдоо көрсөтүү жүрүшү уюштурулду

SOS NHS тобу тарабынан уюштурулган жүрүшкө катышкан миңдеген демонстранттар баалардын жогорулашы жана жашоонун кымбатташынан улам медициналык кызматкерлердин айлык акысын негиздүү жогорулатууну талап кылышты.

1958362
Англияда иш таштоолорго колдоо көрсөтүү жүрүшү уюштурулду

 

Англиянын борбор шаары Лондондо айлык акынын көбөйүшүнө байланыштуу уланган пикир келишпестиктен улам иш таштаган медицина кызматкерлери менен тилектештик маршы өткөрүлдү.

SOS NHS тобу тарабынан уюштурулган жүрүшкө катышкан миңдеген демонстранттар баалардын жогорулашы жана жашоонун кымбатташынан улам медициналык кызматкерлердин айлык акысын негиздүү жогорулатууну талап кылышты.

Полиция кеңири коопсуздук чараларын көргөн жүрүштө демонстранттар «Саламаттык сактоо системасындагы кризисти токтоткула», «Жетет» жана «Саламаттык сактоо кызматкерлери ардактуу айлыкка татыктуу» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Доктурлар жана медайымдар, ошондой эле көп сандаган профсоюздар жана негизги оппозициялык жумушчу партиянын депутаттары «Саламаттыкты сактоо — адамдын негизги укугу» деген ураандар кыйкырык менен коштолгон демонстрацияны колдошту.

Улуу Британиянын жалпы практикалык дарыгерлери да айлык талаштан улам 13-марттан (эртең) тарта 3 күндүк иш таштоо уюштурушат.

Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Стив Барклай иш таштоонун алдында Твиттердеги билдирүүсүндө жалпы практикалык дарыгерлерди айлык акыны жогорулатуу боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө чакырганын жарыялады.

Министр Барклайдын Твиттердеги билдирүүсүнө жооп берген Жалпы дарыгерлер ассоциациясы Барклайдын кечээки жыйындарга катышпаганын эске салып, иш таштоодон башка аргалары жок экенин билдирди.



Тектеш кабарлар